Шайлоо-2025: Нарындагы №29 шайлоо округу боюнча мыйзам бузуулар боюнча кайрылуулар болгон жок
Новость

Нарын облусундагы №29 шайлоо округундагы 137 миң 758 шайлоочунун 22 пайызы добуш берди. 
Борбордук шайлоо комиссиясынын Кочкор, Жумгал, Тогуз-Торо жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Талантбек Акимбаевдин маалыматы боюнча саат 14:00гө карата жалпы шайлоочулардын 30 миң 10 добуш берип, 22 пайызды түдү. Бул саатка карата мыйзам бузуу фактылары катталган жок. Шайлоо өз нугунда тынч өтүүдө. 
Ал эми №30 шайлоо округунда саат 14.00го карата жалпы шайлоочулардын  24.33 пайызы, тагыраагы 33 миң 202 шайлоочу добуш берди. Аталган окуругдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абасбек Исмаилов шайлоо тынч өтүп, мыйзам бузуулар боюнча кайрылуулар болбогонун билдирди. 
№30 шайлоо округуна Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондору жана Нарын шаары кирип, жалпы шайлоочулардын саны 136 миң 536.