№29 шайлоо округуна кирген Тогуз-Торо районунда 16 900 шайлоочу бар. Округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Света Моңолованын маалыматында саат 14.00го карата алардын 3 643ү шайлоого келип, 22 пайызды түздү. Ал белгилегендей ушул саатка карата мыйзам бузуу боюнча даттануулар болгон жок жана бул саатка карата активдүү деген жарандар келишти.
Ал эми, Балыкчы шаарында 20 пайыз шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 6 037си өз тандолорун жасашты. Балыкчы шаарында жалпы 30 089 шайлоочу бар. Округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Айнура Мамбетова шайлоо тынч өтүп жатканын билдирип, бирок шайлоочулардын келиши жай болуп жатканын кошумчалады.