Шайлоо-2025: Башкы прокуратурага 25 арыз келип түштү
Новость

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жалпы 25 арыз келип түштү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Башкы башкармалыгынын башчысы Самат Жунусов билдирди.

Алардын ичинен 11 арыз Ички иштер министрлигине жиберилген, 6 арыз Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК), 2 арыз Башкы прокуратуранын маалыматтарынын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси» боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.

Калган арыздар боюнча тиешелүү тактамалар түзүлгөн.

Башкы прокуратуранын Башкы башкармалыгынын башчысы Самат Жунусов белгилегендей, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин шайлоо процесстериндеги үгүт иштерине аралашкан учурларына да өзгөчө көңүл бурулууда.