Шайлоо-2025: Кара-Сууда шайлоочулар активдүүлүгү жогору болууда
Новость

Ош облусунун Кара- Суу районунда жалпы 400 миңден ашуун жергиликтүү тургун жашайт. Алардын ичинен шайлоого 141 миң 18 жаран катталган. Кара-Суу шаардык 7-округ үчүн 78 шайлоо бекети уюштурулган. Шайлоо тилкелери эртең менен эрте ачылып, жергиликтүү тургундар жарандык милдеттерин  аткарып жатышат. Кээ бир жерлерде кезек көп болуп, добуш берүүгө келгендерге ыңгайлуу шарттар түзүлүп, кайрылууларга жооп берилүүдө.