Баткен облусунда шайлоочулардын 36 пайызы добуш берди
Новость

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, Баткен облусунда саат 20:00гө карата шайлоочулардын 36 пайызы добуш берди. Тагыраагы 127 миң 567 жаран шайлоого катышкан. 

Район, шаарлар шайлоого катышкандар:

Баткен району – 32,8%;

Кадамжай району – 36,3%;

Лейлек району – 40,0% ;   

Баткен шаары –  29,4%; 

Кызыл-Кыя шаары – 32,4%; 

Сүлүктү шаары – 39,5%. 

Облус аймагында шайлоо участкалары ишин жыйынтыктады. 

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүчүлүгү облустун аймагында шайлоо тынч өткөнүн билдирди. Маалыматта олуттуу мыйзам бузуу фактылары катталган эмес. Баткен облусунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу.