“Манас” эпосундагы - мамлекеттик аппараттын маанилүү символдору
Новость

“Манас” эпосунда кыргыздын элинин мамлекеттүлүгү кандай түптөлгөнү тууралуу арбын маалымат бар. Бул теманы изилдөөгө көрүнүктүү тарыхчы-этнограф маркум Имель Бакиевич Молдобаев “Манас” эпосун изилдөөгө өмүрүн арнаган. Ал 1979-жылы Ленинградда “Жаныш, Байыш” эпосу - тарыхый-этнографиялык булак катары” аттуу темага кандидаттык диссертациясын коргогон. Муну менен Молдобаев кыргыз элинин тарыхый эпосторун этнографиялык булак катары иликтөөгө абдан көңүл бурат. Имель Бакиевич кыргыздар тууралуу Тоолуу Алтай, Хакасия, Тува, Якутия, Татарстан, Башкортстан, Турция, Чыгыш Түркстан жана Казакстанды аралап материал чогулткан. 1995-жылы Улуттук Академиянын тарых, археология жана этнология инстутунунда “ Эпос “Манас” проблемы историко-этнографического исследования” (“Манас” эпосун тарыхый-этнографиялык жактан изилдөө боюнча көйгөйлөр) аттуу темага докторлук диссертациясын коргойт. Ал жогорудагы илимий ишинде кыргыз тарыхчыларынын ичинен алгачкы болуп “Манас” дастанын этнографиялык булак катары иликтейт. 2004-жылы ал орус тилинде: Эпос “Манас” как источник по истории государственности кыргызов (“Манас” эпосу кыргыздардын мамлекеттүлүгүнүн тарыхы боюнча булак) аттуу китебин чыгарат. Бул китепте эпосту илимий жактан талдоонун негизинде кыргыз элинин мамлекеттик аппаратынын символдору, бажы, армиясы жана дипломатиясы тууралуу маалыматтар берилген.

Мөөр. Эпосто мөөрдү кандай учурда пайдаланганы, жөнүндө маалымат айтылат. 

Катчыга катын жаздырды,

Кандык мөөрүн бастырды.

Кыргыздар жөнүндө чогултулган этнографиялык жана фольклордук материалдарда алар мөөрдү колдонгону тууралуу маалымат берилет. Мисалы: Манаска каршы чыккан хандар ага мөөр басылган катты жиберет. 

Андай болсо, келгин деп,

Келе мөөр бергин деп. 

Катчыга катын жаздырды, 

Жыйып алып кандардын

Жыгалуу мөөрүн бастырды

Чоң дептерге тапшырды.

Андан тышкары эпосто айтылган жыгалуу мөөр ханга гана тиешелүү экени көрсөтүлгөн. 

1965-жылы илимпоз Константин Юдахин түзгөн “Кыргызча-орусча” сөздүгүндө мөөр деген сөз фарс тилинен кыргыз тилине киргени тууралуу маалымат берилет. Биздин мезгилге чейин бугу уруусунун гана 1850-жылдары колдонгон мөөр жеткен. Бул мөөрдүн формасы сегиз кырдуу болгон. Кыргыздар мөөрдү алтын, коло жана күмүштөн жасаган деп боолголосо болот. 

Мөөрдү жасаган уста кожоюндун ысымын же уруунун аталышын жана жасалган күнүн чегип койгон. XVII, XVIII жана XIX кылымдарда мөөрду хандар, бектер жана башка улуу даражадагы инсандар колдонгон.

Тамга. Кыргыздар мөөрдөн тышкары урууларды белгилөө үчүн эн тамганы пайдаланган. Тамга мөөрдөн айырмаланып, кагазга басылган эмес. Ушул белги тайпа тууралуу маалымат берчү жана жеке мүлккө коюлчу. Биздин көз карашыбызда тамга мөөрдөн биринчи пайда болгон. Кыргыз изилдөөчүлөр орто кылымдагы Кытайдын тарыхый булактарынан VII кылымда, кыргыздар эн тамгасын колдонгону тууралуу маалымат табышкан. Бирок бул тезис дагы талаш жаратууда. Анткени кыргыздарда мөөрдү качантан бери пайдаланганы жөнүндө толук изилдене элек.

Туу. Мамлекеттик аппараттын маанилүү символу асаба же туу болуп эсептелет. “Манас” эпосунда кыргыздын ар бир уруусунун туусу болгону жөнүндө кабар берилет. Мисалы: Манастын атасы Жакыптын туусу жөнүндө төмөнкүчө маалымат айтылат.

Бай Жакыптын кызыл туу

Байкаганга сөзү бар:

Кыргыздын кыйла тобунан

Алыс жерден калган туу

Башкы атасы Бабыркан

Андан калган ушул туу.

Туу деген сөз кытай тилинен кыргыз тилине кирген. Жогорудагы символ бир же бир нече түстөгү кездемеден жасалган. Кыязы байыркы заманда туулар башка материалдан жасалган. Мисалы Чыңгыз-хан тууларды жылкынын жалы же куйругунан жасаткан. Тууну башкы мамлекеттик символ катары алгачкылардан болуп байыркы Кытай жана Индия пайдаланган. Андан кийин бул символду Чыгыштын башка элдери да пайдалана баштаган. Анын ичинде кыргыздар да эгемендүүлүктүн белгиси катары тууну колдонгон.

Көпчүлүк учурда кыргыздар жогорудагы символду аскердик максатта пайдаланган. Ошол эле учурда аны аза күтүүдө да колдонгон. Каза болгон адамдын боз үйүнүн жанына кызыл же көк түстөгү туу сайылганы жөнүндө маалымат берилет.

Мисалы: Көкөтай каза болгондо, кызыл туу көтөрүлгөн. 

Асемдеген ак сарай,

Салтанаты бир далай,

Коргондон оолак көтөртүп, 

Өкүрүп келген кишини

Аркы-терки тиккен үй, 

Арасынан өткөрүп, 

Көкөтөйдүн кызыл туу, 

Көтөрүлгөн мынабу,

Айчыгы көктө жаркылдап,

Асабасы жибектен,

Шамал тийсе жалпылдап,

Ойлоп көрсөң ушуну

Тууга сайган жыгачы 

Отуз кулач узуну,

Алыстан көрдү белгини,

Арстан Манас дүңгүрлөп, 

Ат чабым жакын келгени.

Ал эми Көкөтөйдүн ашында көк туу көтөрүшкөн.

Тогуз ай тамам толгондо 

Мал семирип болгондо, 

Аш берүүчү жерине

Азырданып конгондо 

Көк ала байрак көк тууну

Көтөрүлтүү бийиктеп

Көргөн душман көзүнө

Көрүнө түшсүн күйүт деп

Асаба менен байрак. Эпостогу бул эки окуяда асаба менен байрак жөнүндө айтылганын көрсөк болот. Асаба араб тилинен орус тилине желек деп которулат. “Манас” эпосун изилдөөчүлөрдүн пикиринде асаба деген сөздүн мааниси асма дегенди билдирет. Алардын көз карашында бул сөздүн түпкү мааниси аса-муса таягы деген терминге барып такалат. Бул таяк абелиядан (деревянистое растение)  жасалчу Акырындык менен асаба туу жана желектин жыгачы дегенди билдирип калган.

Байрак аттуу термин биринчи маанисинде желекти билдирет. Ал эми ушул сөздүн экинчи мааниси найзактын түпөгү. Бул найзанын түпөгүн ак сөөктөр жана байлар гана колдонгон.

Эгерде боз үйдүн түндүгүнөн найзанын түпөгү чыгып турса, анда үйдө эркек каза болгонун билдирген белги болчу. Юдахиндин сөздүгү боюнча: жаргак шымына көк ала байрак чапанын шымданган деген маанини берет. Байрак үч же төрт бурчтук формасында жука кездемеден тигилген кесинди болчу. Бул кездеменин кесиндиси көпчүлүк учурда найзага оролчу. Ар бир баатырдын байрагы болгон. Ушул байрак алардын куржунунда сакталчу, салгылаштарда гана алып чыгышчу. 

Желек. Эпосто байрак менен катар желек деген сөз жолугат. Кыргыздар желекти да согушта колдонгон. Бул эки сөз синоним.

Жогорудагы эки символду жортуулда чоң кошуундар пайдаланган.

Желеги туудан бөлүнбөй,

Жердин жүзү көрүнбөй, 

Тозону тоодой созулуп, 

Туу байрагы кошулуп.

Эпосто туу термини элдин камын ойлогон жана аны башына оор мүшкүл иш түшкөндө жардамын аябаган, сырткы душмандан коргогон ишмерлерге колдонулганы көрсө болот. Башкача айтканда аларды тууга теңеп, калктын тиреги деген түшүнүктү берет. Эпосто Манасты сыпаттаганда: “Бурутка бүткөн туу экен”, -деп айтылганын баамдасак болот. 

“Манас” дастанында туу, байрак, асаба, желек терминдеринин айтылганы кыргыздар мамлекет курганы тууралуу ишенимдүү булак экенин көрсөтүп жатканын белгиси. Жогорудагы төрт символго уруулардын эн тамгасы басылчу.  

Элчини тандоо. Он төрт хан Көкөтайдын ашынан кийин, Манаска кутум уюштуруп, аны жамандап Кошойго арызданып келишет. Бирок ал булардын мындай жосунсуз жоругун жактырбайт. Буга карабастан алар кат жазып, алты элчини тандап Манаска жиберүүнү чечишет. Эпосто элчилик кызматка кандай сапаттарын негизинде  тандоо жүргүзүлгөнү тууралуу мүнөздөмө берилет. 

Ар бирөөнү аңдасаң,

Жүз жанбаган эр жигит.

Жүздөн чыккан жүйрүктөн,

Миңден чыккан күлүктөн,

Калп айтпаган чынынан,

Казатка чыгаар тыңынан,

Беттешкен жоого белдүүдөн,

Белдешкен жоого демдүүдөн,

Өткүр чечен тилдүүдөн,

Калк ичинен ыйгарды,

Каалап элчи чыгарды.

Андан ары эпосто элчилер Манас менен жолукканда кантип  сүйлөшүүнү жүргүзүүнү кеңештери айтылат. 

Жогорудагы он төрт  хан элчилерин соот-шаймандары жана курал-жарак менен камсыздап, күлүктөргө мингизип жөнөтүшөт. Элчилер Кайша-Тоо, Көйүү дарыясын, Наамуттун чөлү, Кытмыр суусун, Чыгыш Түркстан, Жаркент, Кашкар шаарларын, Чакмактын белин, Чатыр-Көлдү, Нарын дарыясын, Жумгал, Суусамырды аралап Манастын ордосуна жетет. 

Хандын бийлигинин белгилери. Бул алты элчини  Манас ордосунда кандай кабыл алганы аркылуу  кыргыз мамлекеттүлүгү тууралуу кызыктуу маалымат берилет. Анткени бул эпизод эпосто хан ордосунун структурасы жөнүндө баяндама берет. Андан тышкары хандын бийлигинин белгилери айтылат. Элчилер Манастын ордосуна келгенде төмөнкүчө сүрөттөлөт. 

Капкасы алты коргондо, 

Каныкейдин ордодо, 

Оң жагында баатырдын

Отуз эки каны бар,

Сол жагынан олтурган

Кырк баатырдын саны бар, 

Астында алтын тагы бар,

Башында дөөлөт багы бар,

Түгөнгүрдүн бу күндө

Түтөп турган чагы бар, 

Айланасын камаган,

Албарс кылыч колго алып, 

Акырая караган

Алты миң аскер дагы бар.

Коргону коло толо болгон,

Арыгы темир ноо болгон,

Бадышалык чоң коргон, 

Каалгасы сом калай, 

Салтанаты бир далай.

Капка кармап турчуусу-

Он эки күзөт бар малай.

Бек заададан бешөө бар,

Желдеттерен жетөө бар.

Муну көргөн элчилер, тайсалдап дарбазага да даап жакындай албай коюшкан. Алар эт бышканча убакыт күтүшөт. Булардын жүрүм-турумун дарбаза башчысы теги казак Жоорунчу байкап турат. Ал бул атчандар элчилер экенин түшүнүп, Манаска айтат. Ага элчилерге мүнөздөмө берип, атыгүл минген аттарын сыпаттап берет. Манас күлүп, аларды ордого киргизүүгө уруксат берет. Жоорунчу урксат алган соң, элчилерди ордого киргизүүгө буйруйт. Кароолчулар дарбазаны ачып, доолбас урушат. Элчилерди 12 миң аскер тосуп алат. Анын ичинен ар бир миң жоокер көк, кызыл, ак жана сары түстөгү кийим кийишкен. Бардыгы чопкут сыяктуу жоо кийимдери менен жабдылган жана мыкты куралданганы тууралуу сүрөттөлөт. Жогорудагы эпизод эпосто көркөм сюжет аркылуу кыргыздардын дипломатиясы кандай түптөлгөнү  тууралуу маалыматты алууга болот.

Автору: Алмаз Батилов

7.jpg 257.91 KB