"Балага сүйүнчү" эми "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү
Новость

14-октябрда "Түндүк" мобилдик тиркемесинде "Балага сүйүнчү" мамлекеттик жөлөкпулун тариздөө боюнча электрондук кызмат ишке киргизилди. Эми ата-энелер жөлөкпул алуу үчүн арызды смартфон аркылуу берип, калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барбастан эле кызматтан пайдалана алышат.

Жаңы кызмат Социалдык камсыздоонун бирдиктүү тутумуна (СКБТ) тиешелүү модулду киргизүүнүн алкагында ишке ашырылды. Бала төрөлгөндө ЖААК (ЗАГС) органдарында катталгандан кийин ата-энелер санариптик кызматты колдонуп, жөлөкпул алуу үчүн арызды аралыктан бере алышат.

Электрондук кызматты ишке киргизүү жөлөкпулду тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө, административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана жаңы төрөлгөн балдары бар үй-бүлөлөр үчүн мамлекеттик колдоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Ошол эле учурда жөлөкпулду КТБлар аркылуу салттуу тартипте тариздөө мүмкүнчүлүгү сакталат. Жарандар кызмат алуунун өздөрүнө ыңгайлуу жолун - электрондук же жеке кайрылуу форматын тандай алышат.

Бул кызматты ишке киргизүү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык коргоо системасын санариптештирүү жана калк үчүн мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча ырааттуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.

Санариптештирүүнүн башкы максаты - мамлекеттик кызматтарды ар бир жаран үчүн жеткиликтүү, жөнөкөй жана ыңгайлуу кылуу.