Президент: Үйгө муктаж жарандарыбыздын үй-жайлуу болушу менен бирге стратегиялык максаттарыбыз да ишке ашып жатат
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Бишкек шаарындагы Бегматов жана Маликов көчөлөрүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган эки турак жай комплексинен батирлердин ачкычын тапшыруу аземине катышты.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу мекендештер!

Борбор калаабыздын кымбаттуу тургундары!

Өткөндө Нарын шаарына барып, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган дал ушундай турак жай комплекстерин тапшырууда жыл соңуна чейин өлкөбүздүн бир катар шаарларында, райондорунда жалпысы 20 миңден ашык батир өз ээлерине тапшырыларын айттым эле.

Мынакей бүгүн ошол айтылган батир тапшыруу кезеги кайрадан борбор калаабызга келген экен.

Бул - биз турган “Мурас” турак жай комплексинин 3-этабы. Буга чейин 2 этапка бөлүнүп, 2066 батир пайдаланууга берилген эле. Ал эми бүгүн 1104 батирдин ачкычтарын өз ээлерине тапшырсак, бул аймактан 3170 батирдин курулушун толук бүткөрүп, берген болобуз.

Алдыда 4-этабынын курулушун кийинки жылдын июнь айында бүтүрүү тапшырмасын бердим. Анда 1584 батир берилет. Ошентип, “Мурас” турак жай комплекси жалпы 39 блоктон турган 4754 батирди камтыйт.

Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпы 9371 батир пайдаланууга берилип, жарандар өзүлөрүнүн жаңы үйлөрүндө жашап жатышат.

Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн жети дубанында: Бишкек шаарынан баштап, алыскы Баткен аймагына чейин 65 объектиде 83 миңден ашуун батирдин курулушун жигердүү жүргүзүүдө.

Ал эми ушу тапта биз турган турак жай комлекси менен бир эле убакта шаарыбыздын Кара-Жыгач конушунда 105 батирлүү турак жай онлайн тапшырылганы турат.

Мен азыр сүйүнүчтөрү койнуна батпай, келечекте жакшылыктан үмүт кылып, мамлекетине ишеним артып, тизме узун болсо дагы бекем сабыр менен “өз үйүнө, өлөң төшөгүнө” ээ болуу бактысын күтүп жаткан мекендештерим, сиздерди үй-жайлуу болушуңуздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Ак өргөөңүздөр кут болсун!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Үйлүү болуу үчүн жер тилкесин издеп, же курулуш материалдарын чогултуп, же каражат табуу үчүн үй-бүлөсүн калтырып, чет өлкөлөп убара тартып келишкен канчалаган жарандарыбыз бар. Алар көздөгөн максатына жетүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга тушугуп, “мамлекетибиз муктаждардын, жаштардын үйлүү болушуна көмөктөшсө” деген ой-тилектерин жазып да, айтып да келишкен.

Биз мамлекеттин жүгүн мойнубузга алгандан кийин ар дайым элдин суроо-талабын канааттандырууга тийишпиз.

Бүгүнкү күндө бул багыттагы «Менин үйүм» мамлекеттик программасынын алкагында иш-пландарыбызды алдыга жигердүү жылдырып жатабыз.

Үйгө муктаж жарандарыбыздын үй-жайлуу болушу менен бирге стратегиялык максаттарыбыз да ишке ашып жатат. Өз үйү бар үй-бүлөнүн эртеңки күнгө ишеними бекем болот.

Мындай ишеним сергек коомду калыптандырат. Келечек муундун коопсуз, таалим-тарбиялуу, билимдүү болуп өсүп-жетилишине шарт түзөт. Ал эми тарбиялуу, билимдүү жаштар өлкөбүздүн келечектеги интеллектуалдык потенциалы эмеспи.

Мындан сырткары, коомубуздун тирөөчү болгон мугалимдерибизди, дарыгерлерибизди, маданият ишмерлерибизди, башкача айтканда, тажрыйбалуу адистерибизди башка тармактарга же сыртка чыгып кетүүсүнөн сактап калып жатабыз. Анткени, өз үйү бар адис башка көйгөйү менен алаксыбай, бүткүл билимин, күчүн коомго жана мамлекетке жумшайт.

Ошондой эле жаңы турак жайлардын салынышы бир эле курулуш секторун эмес, ага байланыштуу ондогон ички өндүрүштү алдыга сүйрөп, миңдеген жумуш орундарын түзүп жатканын көрүп жатасыздар.

Демек, “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында карапайым жарандарды, бюджеттик кызматкерлерди жана жаш үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу – өлкөбүздүн социалдык өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыт. Биз бул иш-аракеттерибизди мындан ары дагы улантабыз.

Бүгүн үй-бүлөсү, балдары, жакындары, ата-энелери менен “жаңы ак өргөөнүн босогосун аттайбыз” деп жаткан ар бир жаран Кыргызстанды жакынкы мезгилде жаркын келечек күтүп жатканына бекем ишенет деген ойдомун.

Урматтуу жаңы батир ээлери!

Жаңы үйүңүздөрдүн куттуу босогосун ар дайым ак пейил адамдар аттасын. Ар бир үйгө тынчтык, бакубатчылык каалайм.

Жаңы конушуңуздар жайлуу болсун!".