Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Баку шаарындагы “Гүлистан” кабыл алуу үйүндө өткөн Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) мамлекет башчыларынын жетинчи саммитинин катышуучуларынын урматына уюштурулган расмий эмес кечки тамакка катышты.
Мамлекет башчысын Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев тосуп алды.
Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегациялардын башчылары саламдашуу кечки тамагына катышуу үчүн залга өтүштү.