Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ипотекалык компаниясы курган Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинде сегизинчи блоктогу батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө онлайн форматта Кара-Жыгач конушунда жайгашкан 105 батирлүү дагы бир блоктун ачылышы да болду.
“Өткөндө Нарын шаарына барып, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган дал ушундай турак жай комплекстерин тапшырууда жыл соңуна чейин өлкөбүздүн бир катар шаарларында, райондорунда жалпысы 20 миңден ашык батир өз ээлерине тапшырыларын айттым эле.
Мынакей бүгүн ошол айтылган батир тапшыруу кезеги кайрадан борбор калаабызга келген экен.
Бул - биз турган “Мурас” турак жай комплексинин 3-этабы. Буга чейин 2 этапка бөлүнүп, 2066 батир пайдаланууга берилген эле. Ал эми бүгүн 1104 батирдин ачкычтарын өз ээлерине тапшырсак, бул аймактан 3170 батирдин курулушун толук бүткөрүп, берген болобуз”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

