Бишкекте электр энергиясы үчүн карызын төлөбөгөн 5 миң 400дөн ашык абонент 24-ноябрда электр жарыгынан аралыктан ажыратылат. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасы маалымдады. Ишкана тургундарды электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат. Абоненттер карызын "Абоненттин балансы" бөлүмү аркылуу же "Мой свет" мобилдик тиркемесинен текшере алышат.
Мындан тышкары, маалымат алуу үчүн 105 кыска номерине же WhatsApp аркылуу 0702 001 209 номерине кайрылууга болот.
Электр энергиясына төлөмдөрдү терминалдар, электрондук капчыктар, банктардын кассалары жана "Кыргызпочтасы" аркылуу жүргүзүүгө болот.