Бүгүн, 24-ноябрда, капиталдык оңдоо иштери аяктаган Чүй көчөсүнүн жаңыланган бөлүгү ачылды. Ага калаа башчы Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жол оңдоо иштери Саадаев көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсүнө чейинки тилкеде жүргүзүлдү. Жаңыланган жолдун узундугу 1 800 метрди түзөт. Оңдоо иштерин "Су-4 Кара-Балта" ЖЧКсы аткарды.
Шаарды жашылдандыруу иш-чараларынын алкагында Чүй көчөсүнө жакын жайгашкан скверге 38 даана катальпа көчөтү отургузулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы жергиликтүү тургундардын кайрылууларын жана сунуштарын укту. Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Биринчи Май районунун акимине көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.


