Бишкек шаарынын мэриясы 2026-жылдын 19-ноябрында №2 каттамдагы электробустун катышуусунда болгон жол-транспорт кырсыгына байланыштуу билдирүү жарыялады.
Маалыматка ылайык, 19-ноябрь күнү саат 16:05 чамасында Кең-Суу көчөсүндөгү «Фрунзе» заводунун жанындагы акыркы аялдамада турган №2 каттамдагы Ankai үлгүсүндөгү электробус өз алдынча жүрүп кеткен. №8 автоколоннага караштуу, мамлекеттик номери 01KG192ВР болгон электробустун айдоочусу унааны токтоткондон кийин (кол) тормозуна койгон эмес. Натыйжада электробус өз алдынча жүрүп кеткен.
Электробус Интергельпо көчөсүн кесип өтүп, жол боюнда токтоп турган Toyota Prius жана Mazda үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн.
Айдоочу электробусту токтотууга аракет кылган учурда оор жаракат алган. Окуя болгон жерге келген тез жардам кызматы аны шаардык ооруканага жеткирген. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, айдоочу ооруканада каза болгон. Окуя болгон учурда электробустун ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес.
Бул кырсыкка байланыштуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы тарабынан кырсыктын келип чыгуу себептерин жана жагдайларын иликтөө, ошондой эле тиешелүү чараларды көрүү максатында атайын комиссия түзүлөт. Иликтөөнүн жыйынтыгында ишкана тарабынан компенсация төлөө маселеси каралат.
Мындан тышкары, жол кырсыгынан жабыркаган унаалардын ээлерине келтирилген материалдык чыгымдын ордун толтуруу маселеси колдонуудагы мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн алкагында чечилет.
Учурда тиешелүү органдар тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.