100 млн сомдон ашык каражат жумшалган көчөттөрдүн 95 пайызы куурап калгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Ош экологиялык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Баткен облусунун Лейлек районундагы "Жашыл чек ара" долбоорун ишке ашырууга 100 млн 887 миң 900 сом бөлүнгөн. Ага карабастан долбоордо каралган иштер толук аткарылбай, көчөттөрдүн өсүшү жана сугарылышы үчүн зарыл шарттар түзүлбөгөндүктөн, алардын 95 пайызга жакыны куурап калгандыгы аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.