Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизациялоо иштери аяктады: төрт гидроагрегат тең жаңыланды
Новость

"Электр станциялары" ААКтын Үч-Коргон ГЭСинде модернизациялоодон өткөн төрт гидроагрегаттын акыркысы - № 1 гидроагрегат ишке киргизилди. Гидроагрегатты ишке киргизүү аземи "Электр станциялары" ААКтын башкы директору Улукбек Мамыралиевдин жетекчилиги алдында өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда Үч-Коргон ГЭСиндеги төрт гидроагрегаттын тең модернизациялоо иштери аяктап, станциянын жалпы кубаттуулугу 36 МВтка жогорулады. Буга чейин гидроагрегаттардын жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзсө, модернизациялоо иштери аяктагандан кийин 216 МВтка жетти.

"Модернизациялоо станциянын тарыхындагы маанилүү окуя болуп калды. 2026-жылдын ичинде компания бир эле учурда эки гидроагрегатты - № 2 жана № 1 гидроагрегаттарды жаңыртууну аяктады. Бул жогорку техникалык даярдыкты, адистердин биргелешкен ишин, натыйжалуу башкарууну жана иштерди сапаттуу уюштурууну талап кылган олуттуу өндүрүштүк жетишкендик болуп саналат.

Станциянын кубаттуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, Кыргызстандын гидроэнергетика тармагындагы стратегиялык объектилеринин биринин натыйжалуу иштешин камсыздоого, ошондой эле 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде энергетикалык системанын туруктуу иштешине өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан станцияда бул негизги жабдууларды жаңыртуу боюнча алгачкы масштабдуу модернизациялоо болуп саналат.