Бишкек мэриясында шаардык транспорт системасын өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары талкууланды
Новость

“Шаардын транспорт системаларын өнүктүрүү” боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын  мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.  

Иш-чара эки негизги багытты камтып, борбор калаадагы транспорт көйгөйлөрүн чечүү жана шаардык транспорт системасын өнүктүрүүнү  аныктоо болду. 

Бул жыйынга Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары Рамиз Алиев жана Атай Муратбек, ошондой эле Россиядан келген өкүлдөр, мамлекеттик органдар жана коомдук активисттер катышты.  

Семинардын аягында суроо-жооп болуп, транспорт системасын өнүктүрүү боюнча талкуу өтүп, түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү.

1795147631.jpeg 105.89 KB