Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизилди
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2025-жылдын 17-декабрындагы чечимин аткаруу болуп саналат.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 95-беренесинин 1-бөлүгүнө, күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуунун негизинде чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмү тиешелүү кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышпаган башка адамдарга карата преюдициялык күчкө ээ эмес жана далилдерди сот тарабынан өз алдынча изилдөөсүз алардын күнөөлүү экендиги же болбосо кылмыш жасоонун жагдайлары жөнүндө тыянак үчүн негиз боло албайт.

Мындай өкүмдө камтылган жагдайлар айыптоочу тарапты башка адамдардын күнөөсүн жалпы тартипте далилдөө милдетинен бошотпойт экендигин караган өзгөртүү киргизилүүдө.