Ала-Тоо Резорт тоо кластеринде кар көчкү коркунучунун алдын алуу жана коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Гляциология жана кар көчкү коопсуздугу башкармалыгынын адистери станциянын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо максатында кызматкерлерди даярдоодо.
Тиешелүү иштер 1-декабрда өтө турган тоо кластеринин расмий ачылышына карата жүргүзүлүүдө. Станция аймактагы кар көчкү коркунучуна байкоо жүргүзүп, мүмкүн болгон кооптуу кырдаалдардын алдын алууга багытталган.