Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Сай айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулуш иштери жүрүүдө.
Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 3036 чарчы метрди түзөт. Мектеп эки кабаттан туруп, анда негизги окуу класстары, лаборатория, компьютердик класс, ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана бардык шарттары бар спорт залы болот.
Объекттеги курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан текшерилип, көзөмөлгө алынууда.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 155 миллион сомду түзөт.
