Кыргызстанда кымыз өндүрүү тармагын өнүктүрүү максатында өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү пландалууда. Учурда бул үчүн каражат бөлүү жана насыя алуу шарттарын аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Рыскүл Акимжанова билдирди.
Анын маалыматына ылайык, Айыл чарба министрлигинде кымыз өндүрүүчүлөрдүн жана окумуштуулардын катышуусунда жыйын өттү. Анда "Кыргыз кымызы" брендин жайылтуу, суусундуктун сапатын жана өндүрүш көлөмүн арттыруу, ошондой эле аны ички жана эл аралык рынокко чыгаруу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, тармактын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү. Ал мындан ары министрлик менен биргеликте кымыз өндүрүшүн өнүктүрүү багытында иш алып барат.