Өткөн аптада Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору Улан Сатиев Ага Хан өнүктүрүү уюмунун (АКДН) Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлү доктор Баркaт Фазал менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки уюмдун көп жылдык өнөктөштүгүн белгилеп, медиа, билим берүү, маданият жана коомдук саламаттыкты сактоо багыттарындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Тараптар мындан ары да тажрыйба алмашып, коомчулукка пайдалуу жана сапаттуу медиаконтенттерди биргеликте жаратууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
УТРК менен Ага Хан өнүктүрүү уюмунун кызматташтыгы жаңы багыттарда уланат
24 Нояб, 10:44
30
