Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирет
Новость

2026-жылдын 15-октябрынан тартып Бишкек шаарында №37 жаңы автобус каттамы иштей баштайт.

Жаңы каттам «Биримдик Кут» турак жай комплексин Курманжан Датка көчөсү менен байланыштырат.

Каттамды ишке киргизүү коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана шаар тургундарынын жүрүүсү  үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Жаңы автобус каттамы көрсөтүлгөн аймактардын тургундары үчүн транспорттук байланышты жакшыртып, шаар ичинде жүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

1791978125.jfif 40.2 KB