Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Чехия Республикасынын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү
Новость

2026-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Чехия Республикасынын транспорт министри Иван Беднарик жетектеген делегация менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Жарандык авиация мамлекеттик агенттиктин, «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун өкүлдөрү, ошондой эле Чехиянын Транспорт министрлигинин, Өнөр жай жана транспорт бирлигинин, Чехиянын авиациялык даярдоо борборунун, Карловы Вары жана Острава аэропортторунун, OMNIPOL Defence жана ERA компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде аба каттамдарын өнүктүрүү, авиация адистерин даярдоо жаатындагы өз ара аракеттенүү, аэропорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана заманбап авиациялык технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана эки өлкөнүн авиациялык уюмдарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

SaveClip.App_848805052_18010256189994437_6804025668016722497_n.jpg 639.53 KB