Белек Солтоноевдин тарыхый жана адабий мурасы толук изилденип бүтө элек
Новость

XV-кылымда тарыхчы Сайф-Ад-Дин-Аксикенти кыргыз элинин түпкү тегин, кайсы уруулардан куралганы жөнүндө “Маджму-ат-таварих” (Тарыхтардын жыйнагы) аттуу эмгегинде тажик тилинде жазган. Андан тышкары ал жогорудагы жыйнакта орто кылымдагы тарыхчылардын ичинен биринчилерден болуп “Манас” эпосу тууралуу маалымат берет. Андан кийин 1913-1914-жылдары гана туңгуч агартуучу Осмонаалы Сыдык уулу кыргыз тарыхын кагаз бетине эне тилде түшүрөт. Ал эми илимпоз Белек Солтонкелди уулу Солтоноев кыргыздар жөнүндө жазылган чет элдик булактар менен санжыраны салыштырган. Анын жыйынтыгында “Кызыл кыргыз тарыхы” аттуу эмгегинде, ата мекендик тарыхты илимий нукка салууга умтулган. Ал кыргыздын ичинен алгачкы болуп “Манас” эпосун кагаз бетине түшүргөн. Азыркы күндө да анын тарыхый жана адабий мурасы толук изилдене элек деп эсептейт илимпоз Кундуз Жузупбекова. Ал 2005-жылы “Белек Солтоноев – чыгармачыл инсан” атындагы кандидаттык диссертациясын коргогон. Аны менен УТРКнын “Маалымат” студиясынын кабарчысы Алмаз Батилов маектешкен.

02.bmp 5.93 MB

- Белек Солтоноевдин адабий мурасын кандайча изилдеп калдыңыз?

Буга чейин 1980-1990-жылдары Солтоноевдин эмгегин калың элге тааныштууруда жазуучу Кеңеш Жусупов, тарыхчы Өмүркул Караев, илимпоз Анна Валитова акын Качкынбай Артыкбаев, адабиятчы Кеңешбек Асаналиев жана сынчы Садык Алахан чоң роль ойношту. 1990-жылдардын аягында мага И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуп жүргөн учурда Белек Солтонкелди уулунун чыгармачылыгын изилдөө насип болду. Анын архиви кызы Нурия Белекованын колунда болчу. Ошол материалдар иштеп көрбөйсүңбү деп филология илимдеринин доктору Садык Алахан сунуш берди. Анын сунушуна макул болуп, Нурия эженин үйүнө бардым. Ал жерден Белек Солтоноевдин архиви менен тааныштым. Ошол убактан баштап менен анын адабий мурасын изилдөө боюнча иштөөгө белсендим. Садык Алахан жана илимий жетекчим филология илимдеринин доктору Кеңешбек Асаналиевдин кеңеши менен “Белек Солтоноев – чыгармачыл инсан” атындагы илимий теманы бекиттим. Бул темада анын тарыхчы, этнограф, акын, адабиятчы, прозачы жана котормочулук жолу камтылды. Солтоноев тууралуу УКМКнын архивинде сакталган материалдар менен таанышып, талдоо жүргүздүм. 2005-жылы кандидаттык диссертациямды коргодум. Андан тышкары “Белек Солтоноев – чыгармачыл инсан” аттуу илимий монографиям жарык көрдү. Белек Солтоноевдин “Кызыл кыргыз тарыхын” орто мектептерде окутуу тууралуу ыкмалары жөнүндө эки методикалык окуу курал иштеп чыктым. Белек Солтонкелди уулунун чыгармачылыгы тууралуу отуз илимий макала жаздым.

- Солтоноевдин чыгармачылыгына ким түрткү болгон?

Ал 1878-жылы Кемин өрөөнүнүн Эки-Жантай кыштагында төрөлгөн. Анын өз атасы Солтонкелди эрте каза болуп, энеси Кыргыйдын боюнда калган. Илгерки кыргыздын жөрөлгөсү боюнча апасы бир тууган кайниниси Солтоной менен баш кошот. Белек Солтонкелди уулу алты жашынан баштап кой багып, ар түрдүү жумуштарды кылат. Ошол эле учурда айылдагы молдо Кожалыга барып, араб арибин тааныганга аракет кыла баштайт. Кой багып жүргөн учурда суу чайкап кеткен кумдун үстүндө күйгөн шиш менен араб тамгаларды жазып машыгып, жазганды үйрөнөт. Солтоной анын мындай зиректигин байкап, келечегине жол ачып берүүгө кам көрөт. Орус тилин үйрөнсүн деп Чолпон-Атадагы Масловский деген тааныш көпөскө үйүнө жиберет. Ал Солтонойго уулуңду окууга өткөзөм деп убадасын берет. Үч ай бою Солтоноев кабагым-кашым дебей анын каздарын багып, музоолорун кайтарып, орус тилинде бир аз сүйлөгөндү үйрөнөт. Масловский да Белектин окууга дилгирлигин көрүп, аны Караколго жаңыдан ачылган мектебине жиберет. Ал жерден бир аз окугандан кийин Сазановка (азыркы Ананьево) орус-тузем мектебине которулат. Бул мектепте орус, казак жана татар тилдерин өздөштүрөт. Бирок ошол маалда Сазановкада окуусун улантууга тоскоолдук пайда болот. Жат дубандан башка дубандан окушка улукмандан мыйзам жок экен деп өзүнүн арызында белгилейт. Ал жерден окуудан чыгарылып калат. Айласыздан Токмок шаарына келет. Бул калаадан орустардан дос күтөт. Алардын арасында Борис досу билимдүү болот. Буларга кошулуп Солтоноев үй салганды, короо курганды үйрөнөт. Бористин көмөгү менен Пишпектеги окумуштуу Алексей Фетисовдун багбандар мектебине өтөт. Бул мектепте окуп багбанчылыкты өздөштүрөт. Ошол учурда эмне үчүн кыргыздын тарыхы эне тилде жазылган эмес деп ойлонот. Борбор калаада окуп жүргөн учурда ата мекендик тарыхты жазууга белсенет.

- Солтоноев жогорудагы мектепти бүтпөй калыптыр. Эмне үчүн ал Кеминге кайткан?

Анткени апасы ооруп калат. Ошондуктан ал Кеминге кайтат. Ошол убакта кыргыз тарыхы тууралуу эмгектерин окуп баштайт. Ал бул максатта орус тарыхчылары Василий Бартольд, Николай Аристов Николай Карамзин жана Махмуд Кашгаринин китептерин окуйт. Кийин “Кызыл кыргыз тарыхы” илимий эмгегигинде бул тарыхчыларга шилтеме кылып жазат. Аш-тойлордо чогулган сөзмөрлер менен жолугуп, алардын кыргыз этнографиясы тууралуу айткандарын кагаз бетине түшүрөт. Жер-суунун аталыштары жөнүндө маалыматтарды топтойт.

Ошол учурда ал үйлөнөт. Солтоноев болуштарга катчы болуп иштейт. Ошондо ал карапайым элдин таламын талашып, алардын укугун кат жазып коргой баштайт. Анткени калкты жергиликтүү бийлик жана падышалык администрация, эки жактан салык салып терисин тескери сыйрыган. Буга карабастан Белек Солтонкелди уулу букаралардын арыз-муңун орус тилинде жазылган каттарды Пишпек жана Токмок шаарындагы падышалык администрацияга жөнөтүп турган учурлар көп болот. Бирок анын мындай ишмердүүлүгү жергиликтүү аткаминерлерге жаккан эмес. Бир ирет ал салыкка чогулган каражатты, карапайым элге таратып жибергени тууралуу өзүнүн эскерүүсүндө жазган. Ошол учурдан баштап Солтоноев элдин оозуна алынып баштайт. Аны калк молдо бала деп атайт. Ал Токмокто тилмеч болуп иштеген учурлар да болот. Анын төрт тил билгендин пайдасы тийет. Ошентип ал ар түрдүү кызматтарда жүрүп, бышат. 1916-жылы анын орус тилин мыкты билгенин жана калыстыгын баалап, айылдаштары болуш кылып шайлашат. Ошол учурда уулу Урумкан төрөлөт. Бирок Урумкандын апасы көз жумат. Ошол эле жылы Түндүк Кыргызстанда ак падышага каршы көтөрүлүш башталат. Белек Солтонкелди уулу саясатты жакшы билгендиктен бооруна Урумкан уулун бооруна кысып, элди баштап Батыш Кытайга качат. Ошондо да кол жазмасын алып кетет. Солтоноев эли менен Чыгыш Түркстандын Үч-Турпан аймагында баш паанек табат. Ал жерде кыргыздар көрбөгөн кордукту көрөт. Ошол учурда элдин башынан өткөн азапты Белек Солтонкелди уулу “Кызыл кыргыз тарыхы” илимий эмгегинде так чагылдырган. Үч-Турпанда уулу Урумкан чечек болуп ооруйт. Солтоноев нечен күнү уйку бетин көрбөй, баласын айыктырат. Чыгыш Түркстанда уйгур тилин үйрөнөт. Бул тилде кыргыздар жөнүндө жазылган китептерди окуйт. Андан тышкары кыргыз тарыхы тууралуу кытай тилинен уйгур тилине которулган айрым илимий эмгектер менен тааныштым деп Белек Солтонкелди өзүнүн эскерүүсүндө жазат. Синьцзянда жашаган кыргыздар тууралуу жана “Манас” эпосу менен байланыштуу жер-суу аталыштарын жазып, маалымат топтойт. 1917-жылы Чыгыш Түркстандагы бозгундарга Россия империясында революция болгону жөнүндө кабар жетет. Адегенде Солтоноев дагы башка активисттер менен биргелешип, Кыргызстанга тымызын келип, абал оң жакка өзгөргөнүн өз көздөрү менен көрүшөт. Кайра Үч-Турпанга кайтышып, качкындарды Ата Мекенге көчүрүп алып келишет.

- Белек Солтонкелди уулу Кыргызстанга кайтып келгенден кийин кайсы кызматтарды аркалады?

1918-жылы Солтоноев большевиктер партиясынын катарына кабыл алынат. 217-чек ара батальонунда кызмат өтөп, тилмеч болгон. 1919-жылы Алматы аймагынын чыгыш бөлүгүндө үгүтчү болуп иштейт. 1920-жылы аны Түркстан фронтунун революциячыл совети Кызыл армиянын катарына ыктыярчыларды чогултуу боюнча өкүл кылып дайындайт. Ал бул багытта Нарын жана Пржевальск уезддеринде ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Жогорудагы кызматы боюнча Верный (азыркы Алматы) шаарына жөнөтүлөт. Ага атайын мандат берилет. Ушул мандатта жергиликтүү бийлик Солтоноевге көмөк көрсөтүүсү жөнүндө талап коюлганы жазылган. Андан кийин Жети-Суу облусундагы кыргыздарды отурукташтыруу боюнча атайын өкүл болуп дайындалат. Ал бул ишти ийгиликтүү аткарат. 1922-жылы Белек Солтонкелди уулу менен Каюм Мифтаков элдик оозеки чыгармаларды жыйноо боюнча атайын өкүл болуп дайындалат. Солтоноев кыргыздын ичинен алгачкылардан болуп “Манас” эпосун эне тилибизде кагаз бетине түшүрөт. 1924-жылы аны Түркстан АССРинин борбордук аткаруу комитети 1916-жылы Синьцзянга качкан кыргыздардын кулдукка сатылып кеткен балдарын жана кыздарын эркиндикке алып чыгуу боюнча атайын тапшырма берет. Ал Чыгыш Түркстандын Үч-Турпан жана Ак-Суу аймактарын кыдырып, дунган жана уйгурлардын байларына сатылып кеткен кыргыздын балдарын таап, бошотот. Батыш Кытайдан келген соң Өлкө таануу институтуна орношот.

- Бул илимий мекемеде кайсы эмгектерин жазган?

1926-жылы Өлкө таануу институтуна орношуп, толугу менен илимий жолго түшөт. Бул мекемеде кол жазмалар фондусунда жана атайын түзүлгөн терминдер бөлүмүндө иштейт. Ошондо ал ботаника боюнча алты миң термин чогултат. Анын үстүнө ал кыргыздын ичинен чыккан алгачкы котормочу болгон. 1921-жылы орус классиктери Лев Толстой, Василий Жуковский жана немис акыны Фридрих Шиллердин ырларын которгон. Андан тышкары ал кара сөздүн (проза) устасы болгон. “Жетим козу”, “Жетим кулун” аттуу прозалык чыгармалары бар. “Жетим кулун” аттуу чыгармасында жылкы баласын таптоо боюнча өзгөчүлүктөрү жөнүндө кызыктуу этнографиялык маалыматтарды берген. Ал “Кызыл кыргыз тарыхы” илимий эмгегинде биринчилерден болуп бүркүттүн түрлөрү жана аларды кантип таптоонун ыкмалары жөнүндө жазган. Бүгүнкү күндө да Белек Солтоноевдин тарыхый жана адабий мурасы толук изилденип бүтө элек. Дал ушул себептен анын руханий мурасын изилдөө абзел деп эсептейм.