Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 74-пунктунун «б» пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин
тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Чыныбаев Канатбек
Койчубековичке катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.