Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп, шаар тургундарын жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда
Новость

Абанын температурасынын төмөндөшү күтүлүп жаткандыгына байланыштуу "Бишкек ЖЭБ" муниципалдык ишканасы штаттык режимде ишин улантууда. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын тургундарын жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

Станциянын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында негизги жана көмөкчү жабдуулардын техникалык абалына үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле күтүлбөгөн авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн ишкананын авариялык бригадалары толук даярдыкка келтирилген.

Учурда ишкананын бардык өндүрүштүк кызматтары штаттык режимде иш алып барууда. Абанын температурасы төмөндөгөн мезгилде да станциянын туруктуу иштешин камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.