Ош шаарындагы Сары-Зоо участкасындагы мектептин курулушу толук аяктады
Новость

Ош шаарындагы Сары-Зоо участкасында 528 орундуу заманбап мектептин курулушу толук аяктады. Долбоор республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган. Учурда бардык курулуш иштери толук бүткөрүлдү. Архитектуралык долбоорго ылайык, имарат үч кабаттан жана беш блоктон турат. Анда предметтик окуу кабинеттер, лаборатория, ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн эмгек кабинеттер, жыйындар залы жана бардык зарыл шарттары түзүлгөн спорт зал каралган.

Ошондой эле имаратты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн кубаттуулугу 662,6 кВт/с болгон күн панелдери орнотулду. Бул электр энергиясын үнөмдөөгө жана имаратты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

Объекттеги курулуш-монтаждоо иштери Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, курулуштун сапаты текшерүүдөн өттү. Жакынкы күндөрү мектепти пайдаланууга берүү пландалууда.