Бишкекте 6 миң түп бак-дарак отургузуу пландалууда
Новость

Бишкек шаарында борбор калаанын тарыхында биринчи жолу бир жолку иш-чаранын алкагында 6 миң түп бийик өсүүчү бак-дарак отургузуу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда көчөт отургузуу Манас аэропортуна жакын аймакта 14-ноябрда өтөт. Иш-чара саат 09:00дөн 11:00гө чейин уюштурулат. Ага шаар мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышат. Мэрия каалоочуларды экологиялык акцияга кошулуп, борбор калааны жашылдандырууга салым кошууга чакырды.