Бүгүн, 12-ноябрда, “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы экинчи иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев беш өлкөнүн делегация башчыларына борбор калаадагы “Бишкек Арена” стадиону менен тааныштырды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кытай, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген делегация башчыларына стадиондун архитектуралык чечимдери, курулуш өзгөчөлүктөрү жана техникалык параметрлери тууралуу маалымат берилди.
“Бишкек Арена” стадиону 51 миң көрүүчүгө ылайыкталып, Борбор Азиядагы эң ири футбол аренасы болуп саналат. Стадиондун диаметри 280 метрди, бийиктиги 70 метрди, жалпы аянты 85 миң чарчы метрди түзөт.
Белгилей кетсек, стадиондун долбоору үч жер алдындагы жана беш жер үстүндөгү кабатты камтыйт. Аталган спорттук комплекс өлкөдөгү ири инфраструктуралык долбоорлордун бири.