16-ноябрдан 19-ноябрга чейин Каракол–Эңилчек унаа жолунун 74–90-чакырымдарында, Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн. Айдоочуларга коопсуздук үчүн унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.