Кыргызстанда 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин мас абалында унаа башкарган 373 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Жалпысынан бир жума ичинде өлкө боюнча 27 миң 233 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Мындан тышкары, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 519 унаа айып короого токтотулган.
Эске салсак, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата жаза күчөтүлгөн. Жаңы мыйзамга ылайык, мындай айдоочуларга ири өлчөмдөгү айып пул салынып, жол кырсыгынын кесепетине жараша айдоочулук укугунан ажыратуу жана эркинен ажыратуу жазалары каралган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды мас абалында рулга отурбоого жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.