Бүгүн, 16-ноябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникаларды жана жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Йоханнес Баур жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. Жанарбек Акаев менен Йоханнес Баурдун жумушчу жолугушуусу да өтүп, анда катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу долбоорунун ишке ашырылышы, жетишилген жыйынтыктар жана мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, жаңы техникалар Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана Европа Биримдигинин колдоосу менен гранттык негизде алынды. Анын ичинде 1 экскаватор-жүктөгүч, 3 DONGFENG үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа, 8 куб метрлик 6 контейнер, таштанды ныктай турган GYL үлгүсүндөгү техника, атайын сыйымдуулук жана керектүү тетиктер бар.
Ош шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу долбоору 2016-жылдан бери ишке ашырылып келет. Анын алкагында ишкананын өндүрүштүк базасы модернизацияланып, атайын техникалар сатылып алынган жана шаар боюнча 300 контейнердик аянтча уюштурулган. Учурда жаңы санитардык полигонду куруу жана иштеп жаткан таштанды төгүүчү жайды рекультивациялоо иштери уланууда.







