Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын сыноо лабораториясы Ош шаарында курулуп жаткан 14 кабаттуу турак үйдүн курулуш объектисинде текшерүү иштерин жүргүзүштү. Иш сапардын жүрүшүндө адистер топурак катмарларынын тыгыздыгын жана табигый нымдуулугун текшерип, лабораториялык сыноолор үчүн үлгүлөрдү алышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой лабораториялык сыноолордун жыйынтыгы менен топурактын физикалык-механикалык касиеттерине баа берилет. Алынган маалыматтар аткарылган иштердин сапатын баалоодо жана тиешелүү долбоордук чечимдерди кабыл алууда эске алынат.