Жалал-Абад облусундагы эки унаа жолу убактылуу жабылды
Новость

Жалал-Абад облусундагы эки унаа жолунда кыймыл убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын тескемесинин негизинде Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун 180, 215,7-чакырым аралыгына тосмолор коюлуп, жол убактылуу жабылды. Чектөө күз-кыш мезгилиндеги коопсуздук чараларына байланыштуу киргизилди.

Ошондой эле Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун Жалал-Абад–Казарман–Сары-Кыр тилкесинин 357–443-чакырым аралыгы тиешелүү буйруктун негизинде 1-ноябрдан тартып убактылуу жабылган. 
Буга байланыштуу министрлик айдоочуларды жолго чыгар алдында автожолдордогу кырдаалды эске алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.