Ош облусунун Гүлчө шаарында 120 орундуу бала бакча курулууда
Новость

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарында 120 орундуу бала бакча курулууда. Долбоор Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 97 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Жаңы бала бакчанын курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имараттын негизги курулушу тургузулуп, жалпы иштердин 85 пайызы аткарылды.

Архитектуралык долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1321 чарчы метрди түзөт. Бала бакчада балдардын уктоочу, оюн жана тарбиялык сабактарды өткөрүүчү бөлмөлөрү, ашкана жана дарыгердин кабинети каралган. Мындан тышкары, балдардын коопсуздугун эске алуу менен оюн аянтчасы жасалууда. Курулуш-монтаждоо иштери «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылууда.