16-ноябрдан тарта "Кыргызстандын жаратылышы" сериясындагы "Өрүкзар" күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда номиналы 10 сом болгон монета 925 пробадагы күмүштөн жасалып, бетине гүлдөгөн өрүк бутагы жана бышкан мөмөлөрү түшүрүлгөн.
Жалпы 1000 даана чыгарылган монетанын салмагы 28,28 граммды түзөт. Ал Улуттук банктын кассаларында 8220 сомдон сатылат. Монета расмий төлөм каражаты болуп саналат.