Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты укуктук боштуктарды жоюу жана жарандардын өз мүлкүн эркин тескөөгө жана мүлктү керээз боюнча мурастоого (жакын тууганы болбогон адамдар үчүн) конституциялык укуктарын камсыз кылуу болуп эсептелет.
Киргизилген өзгөртүүгө ылайык жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк нотариалдык күбөлөндүрүлгөн керээзи (керээз калтыруучунун өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү) бар адамга кайрадан берилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.