Кыргызстан менен Өзбекстан коопсуздук багытында кызматташууну кеңейтет
Новость

Кечээ, 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр элчини дипломатиялык кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көп жылдык достук жана өнөктөштүк байланыштардын маанисин белгиледи.

Ошондой эле тараптар коомдук коопсуздукту камсыздоо, уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү багыттарында биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө токтолушту.

 Жолугушуунун соңунда эки тарап кызматташууну улантууга жана туруктуу байланыштарды сактоого даяр экендиктерин билдиришти.