ӨКМ Көл-Төр көлүндө муз үстүнө чыгуудан сак болууга чакырат
Новость

Чүй облусундагы Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүнүн тоңгон бетине чыгуу жана муз үстүндө сейилдөө кооптуу жагдайларга алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

Маалыматка ылайык, муз сыртынан бекем көрүнгөнү менен, анын адамдын салмагын көтөрүүгө жетиштүү деңгээлде тоңгонун сыртынан аныктоо мүмкүн эмес. Андыктан муз жарылып, адам өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн.

Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Атап айтканда, балдарды кароосуз калтырбоо, тоого жалгыз барбоо жана сапар алдында жакындарына бара турган багытын билдирүү керек.

Мындан тышкары, жарандарга байланыш каражаттарын ала жүрүү жана эс алуу учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталат.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номерине чалуу зарыл.