Кечээ, 24-ноябрда айыл чарба тармагындагы эки илимий мекемеге жана алардын аймактык бөлүмдөрүнө 70 даана атайын техника тапшырылды. Алардын жалпы наркы 178 миллион 801 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Техникалардын ачкычтарын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Эрлист Акунбеков тапшырды. Анын ичинен 21 техника Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо жана багбанчылык департаментине, ал эми 49у Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтуна бөлүндү.
Министрдин айтымында, жаңы техникалар илимий мекемелердин материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, айыл чарба багытындагы изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга шарт түзөт.
Техникалар Дүйнөлүк банктын "Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү" долбоорунун алкагында алынган. Долбоор дыйкандарды сапаттуу үрөн жана көчөттөр менен камсыздоого багытталган.
Техникалардын арасында тракторлор, дан жыйноочу жана селекциялык комбайндар, үрөн сепкичтер, тазалоочу жабдуулар, картошка отургузуучу жана казуучу машиналар бар.
