Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чоң-Курулуш айылында 50 орунга ылайыкталган заманбап бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 28,8 миллион сомду түзөт.
Имараттын жалпы аянты 369 чарчы метр. Анда балдар үчүн толук ыңгайлуу шарттар каралган.
Курлуш иши азыркы күндө 70 пайызга аткарылды.