Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2017-2019-жж Стратегиясы коллегиянын чечими менен иштелип чыккан документ. Документти штеп чыгууга КТРКнын башкы директорунун атайын буйругунун негизинде жумушчу топ түзүлгөн. 2017-2019-жж Стратегия өсүп-өнүгүүгө, ийгиликтерге жетүүгө багытталып, өлкөнүн медиабазарындагы өзгөрүү жагдайлары дагы эске алынган.
2012-жылдын 6-декабрында КТРКнын Байкоочу кеңеши тарабынан колдоого алынып, 2013-2015-жылга карай Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Өнүгүү стратегиясы каналдын менеджменти тарабынан иштелип чыкты. Аталган документти иштеп чыгууда, өлкөнүн негизги каналын өнүктүрүү максатында коомдук жана жарандык коомчулук өкүлдөрүнөн кеңири масштабдагы кеңештер, ой-пикирлер кабыл алынып, документке камтылды.