Кыргызстандын спортчулары Азия оюндарына катышууга жөнөп кетишти
Новость KTRK/videograp

Кыргызстандын спортчулары Ашхабадда өтө турган жабык имаратта өтүүчү бешинчи Азия оюндарына катышууга жөнөп кетишти. Кыргызстандан баргандар спорттун 14 түрү боюнча таймашат.  Азия оюндарына катыша турган спортчулар менен машыктыруучуларга премьер-министр Сапар Исаков баш болгон өкмөт өкүлдөрү ийгилик каалап, узатышты. Премьер-министр өз сөзүндө өкмөт тарабынан спортчуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, машыгуусуна мыкты шарт түзүп берүү өкмөттүн милдети экенин белгиледи. POST1RIGHT

Бешинчи жолку Азия оюну 21 спорттун түрүн камтыйт. Кыргызстандын курама командасы болсо спорттун 14 түрүнө катышат. Бул жолку Азия оюндарынын кулачы да кеңири. Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдөн тышкары Океаниядагы мамлекеттер катышат. Дагы бир өзгөчөлүк оюндардын программасына кыргыздын улуттук күрөшү алыш расмий киргизилген. Кыргыз балбандарына күчтүү атаандаш түркмөндөр болушу мүмкүн. Себеби түркмөн күрөшүнүн ыкмалары алышка окшош. Мыкты машыгуудан өткөн улуттук күрөш боюнча балбан Нурбек Кожобеков жеңиш менен кайтам деген үмүттө. Анын үстүнө курама команданы тааныштырып тууну дал ушул балбан көтөрүп басат.

Азия оюндарында спортчуларга ийгилик каалаган премьер-министр Сапар Исаков спортчуларыбыз жеңиш менен кайтаарына чоң үмүт артам-деди. Ошол эле учурда өкмөт башчы спортчулар өлкөнүн сыймыгы экенин белгилеп, өкмөт спорт тармагына ар тараптуу камкордук көрсөтөөрүн ырастады. Кыргыз спортчулары баары жаш жана спортто тажрыйба топтогондор. Мындан улам спортчуларыбыз жеңиш менен кайтып келээринен үмүт чоң. Иш чара премьер-министр менен чогу курама команданын эстеликке сүрөткө жана селфиге түшүүсү менен аяктады.