Канатбек Бегалиев кызматын тапшырды
Новость POST1RIGHT

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев кызматтан кетти. Ал өзүнүн бул кадамын билимин тереңдетип, келечекте саясатка аттанам деген максаттары менен байланыштырат. POST1RIGHT

Башкы машыктыруучулук ишти аркалап турганда күрөштүн аталган түрүн өнүктүрүүдө жылыштар болгонун белгиледи. 

Бегалиев 2008-жылы өткөн Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын куржунуна күмүш байге алып берген. Курама команданын башкы машыктыруучусу болуп 2012-жылдын аягында дайындалган. 

Бүгүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги ага "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги" төш белгисин ыйгарды.