Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекцияны М.Кыбраев жетектейт
Новость

Муратбек Кыбраев Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы жетекчини эмгек жамаатка 5-мартта тааныштырышты. Ал бул кызматта 2 жыл иштейт.

Буга чейин аталган кызматта Жоомарт Шамканов иштеп келген.