Талас районунун Манас айылында көк бөрү боюнча мелдеш өттү.
Маалыматка караганда, ага 6 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду 26 жаштагы оюнчулар, 2-орунду 28 жаштагы оюнчулар, 3-орунду 24 жаштагы оюнчулар ээледи. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Мелдеш жаштардын ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулду.