Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2018-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык Кыргыз Республикасынын спорттун беш түрү боюнча курама командасы окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт.
Окуу-машыгуу жыйындары 2018-жылдын 13-марттан 2-апрелге чейин пландалып, Жакарта шаарында (Индонезия) 18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган жайкы Азия оюндарына даярдануу максатында уюштурулган. Курама команда Ысык-Көл облусунда даярданат.
Курама кошуун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланууда. Дирекциянын бюджетинен 275 миң сом каралган.