Ак-талаалык Калмира эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды
Новость www

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 15 жаштагы балбан кызы Калмира Билимбек кызы эркин күрөш боюнча Белоруссияда өткөн эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу мышыктыруучу Билимбек Капарбек уулу билдирди.

Маалым болгондой, мелдеш 12-март күнү өтүп, ага өспүрүмдөр катышты. Финалдык беттеште Калмира килем үстүндө Киев шаарынын балбан кызы менен күч сынашып, жыйынтыгында утулуп калган. Ал 2-орунду ээлеп, күмүш медаль менен кайтты.