16-мартта Жалал-Абад шаарында 380 миң сом байге коюлган көк бөрү боюнча мелдеш башталат. Бул тууралуу Ош облустук Жаштар иштери дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Токтосун Камчыбеков билдирди.
Анын айтымында, 21-мартка чейин созула турган мелдеш Нооруз майрамына карата жана Региондорду өнүктүрүү жылына карата уюштурулат. Оюнга Ош облусунан 2 команда, Баткен облусунан 2 команда, Ош шаарынан 2 команда, Жалал-Абад облусунан 2 команда ат салышат. Ага кошо Өзгөн районунан Кара-Шоро, Жазы айыл өкмөтүнөн 1 команда катыша турган болду. Мелдештин байге фонду КРнын Улуттук спортту өнүктүрүү дирекциясы тарабынан каржыланды.
20-21-март күндөрү эр эңиш, кулан чабыш, жорго чабыш, ат жарыш, бүркүт салыш, жаа атуу оюндары өткөрүлөт.
Аталган оюндар былтыр Ош облусунда өткөрүлсө, быйылкы жылы Жалал-Абадда өтүүдө.