Балыкчы шаарында спорттун баскетбол түрү боюнча өткөн турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды.
29-марттан 1-апрелге чейин өткөн турнир спорттун чебери, өз мезгилинде жаш муундарды спортко тарбиялоодо зор салымын кошкон инсан Каныбек Есентаевдин жаркын элесине арналды. Ага Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынан 19 команда катышты. Мелдештин соңунда 1-орунду Нарын, 2-орунду Каракол, 3-орунду Ак-Суу командалары, окуучу кыздар арасында 1-орунду Токмок, 2-орунду Ак-Суу, 3-орунду Балыкчынын командалары ээлешти. Ал эми чоңдор арасында 1-орун Каракол, 2-орун Ак-Суу, 3-орун Балыкчы шаарынын командаларына ыйгарылган.
Мелдештин жүрүшүндө өздөрүнүн мыкты чеберчиликтерин көрсөтүшкөн активдүү чабуулчулар — Токмок шаарынан А.Мамбеталиева, Каракол шаарынан Улан уулу Дастан, Нарын шаарынан М.Жусупов жана мыкты коргоочу аталгандар — Балыкчы шаарынан С.Чайка, Ак-Суу районунан К.Султанова атайын баалуу белектер менен сыйланышты. Спорттук иш-чаранын жабылуу аземинде Балыкчы шаардык спорт комитетинин төрагасы К.Давлетов, Каракол шаарынан С.Даутов, Ак-Суу районунан Н.Рыспаевдер жеңүүчүлөргө куттуктоо сөздөрүн айтышып, аларга диплом, медаль, кубок жана баалуу белектерди тапшырышты.
Мелдештин уюштуруучулары Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитети менен шаардык Кеңештин депуттарына ыраазычылык билдиришти.